Ford Россияда заводдун жабышы мүмкүн

07.03.2019, 10:00 Акчабар
Ford Россияда заводдун жабышы мүмкүн

Ford Россиянын эки шаарындагы заводдорун жабышы мүмкүн. Бул тууралуу  Reuters билдирет.

 Всеволожскдеги заводдо  Focus менен Mondeo жеңил унаалары, ал эми Набережных Челнах  шаарында— Fiesta менен EcoSport моделдерин чыгарат. Автоөндүрүүчүлөр Набережных Челнах шаарындагы заводду жабарын жергиликтүү чиновниктер менен россиялык автомобиль өндүрүүчүлөр тастыкташкан. 

Reuters берген маалымат булактары азырынча расмий билдирүү жасалбаганын айтышкан.

Россияда автомобиль  чогултуу боюнча Ford компаниясы 2011-жылдан бери иштеп, алар   Ford Sollers биргелешкен ишканасын ачышкан. Бул ишкана өндүрүшкө, иморт менен экспортко дагы жооптуу. Ошондой эле Ford (автомобилдеринин, тетиктери, аксессуарлары дагы ушул компания аркылуу сатылат). Биргелешкен ишканага үч завод кирет: Всеволожск менен Набережных Челнов шаарларынан тышкары, (Татарстандын)  Елабуг шаарында дагы завод бар.  Ал жерде  Transit, Kuga  менен Explorer моделдери чогултулат. Эми болгону Transit маркасын гана чогултуу каралууда деп билдирген маалымат берген булактардын бири. 

Россиядагы  Ford команиясынын өкүлү учурда биргелешкен компаниянын акционерлери Fordдун глобалдык стратегиясынан улам бизнести реструктуризациялоо  барышат. Чечим 2019-жылы II-кварталда жүрөт. Январда Fordдун Европадагы өкүлү Стивен Армстронг Европада миңдеген жумушчу орундарды кыскартуу тууралуу айткан. Анда ишканалар жабыларын дагы кошумчалаган. 

Тэги: Ford Россия бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу