Француз компаниясы Кыргызстандын жолдорун жакшыртат

18.10.2022, 11:02 Акчабар
Француз компаниясы Кыргызстандын жолдорун жакшыртат

Finentrep Aspir компаниясы жергиликтүү жол кыртыштарынын бекемдигин жана алардын суукка туруктуулугун жогорулатуу үчүн жол куруу тармагындагы долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктап жатат. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин башчысы Умбриэль Темиралиев менен компаниянын негиздөөчүсү Ноэль Касбианк менен жолугушууда айтылды.

Долбоор сапаттуу жол базасы менен тротуарды курууга багытталганы такталды.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Франциялык өнөктөштөр компания учурда Кыргызстанда ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында инвестициялык долбоорлорду аткарып жатканын белгилешти.

Ноэль Касабянк Кыргыз Республикасы өзүнүн пайдалуу географиялык абалын эске алуу менен европалык бизнес коомчулугу үчүн маанилүү өнөктөш экенин баса белгиледи.

Тэги: экономика новости Кыргызстана автодороги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу