Француз компаниясы Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртат

09.08.2022, 11:40 Акчабар
Француз компаниясы Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртат

Мамкурулуш менен Франциянын “ЭГИС” компаниясынын ортосунда келечекте Чолпон-Ата шаарында ишке ашырыла турган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактоо жана долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Келишимге Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаустун катышуусунда кол коюлду.

Кол коюу учурунда тараптар келишим боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле, Мамкурулуштун директору Нуртазин Жетыбаев 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын жана Президенттин “КР 2026-жылга чейинки өнүктүрүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлыгынын алкагында учурда агенттик тарабынан бир катар иш-чаралар аткарылып жаткандыгына көңүл бурду. Долбоор Чолпон-Ата шаарында, анын ичинде жакынкы айылдарда, Азия өнүктүрүү банкынын демөөрчүлүгү менен 50 миллион доллар өлчөмүндө ишке ашырылат, анын жарымы грант. Каражат саркынды сууларды тазалоочу жайды жана насостук станцияларды курууга, катуу таштандыларды тазалоочу жайларды жакшыртууга жана Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жумшалат.

Тэги: Нуртазин Джетыбаев Госстрой Франция Чолпон-Ата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу