Маммүлк фонду «Кыргызтелеком» башкармалыгынын курамын өзгөртөт

15.07.2021, 11:30 Акчабар
Маммүлк фонду «Кыргызтелеком» башкармалыгынын курамын өзгөртөт

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Кыргызтелеком" ААКты реформалоону көздөп жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын алты айында "Кыргызтелеком" ААКнын негизги көрсөткүчтөрү жакшырган жок, ошондуктан Инвестициялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ишкананы тезинен реформалоо боюнча ишти баштады. Негизинен компаниянын бардык башкаруу органдарынын курамын тез арада өзгөртүү, ошондой эле компаниянын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү каралууда.

Эске салсак, кече, 14-июлда директорлор кеңешинин төрайымы Маралбу Бианки Бишкектеги басма сөз жыйында маммүлк фондунун жетекчиси "Кыргызтелекомго" системалуу кысым көрсөтүп жатат деп билдирген. Анын айтымында, ушул жылдын май айында директорлор кеңешинин мүчөсү Замир Кожомуратов кызматынан бошотулгандан кийин мамлекеттик фонддун төрагасы тарабынан коркутуулар башталган.

Ал эми мүлк фонду Бианкинин айткандарын четке кагууда. 

 

 

Тэги: Кыргызтелеком ФУГИ состав правления

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу