Кепилдик фонду үстүбүздөгү жылдын 3 айында 330.2 млн сомго 375 кепилдик берген. Бул тууралуу ААК «Кепилдик фондунан» билдиришти.
Банк-өнөктөштөр тарабынан 419.1 млн сомго насыя берилген.
Кепилдиктер «COVID-19 инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында чакан жана орто бизнести каржылоого мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» программасынын алкагында берилген.
Эске сала кетсек, Кепилдик фонду тарабынан бул программага 1 млрд сом бөлгөн.