"Мамлекеттик ипотекалык компания" Башкармалыгынын төрагасы Аида Толгонова Кыргыз Республикасынын Кепилдик фондунан ипотекалык насыя алууда кепилдик берүү механизми тууралуу айтып берди.
Учурда ипотекалык турак жайдын наркынын 10%дан 30%га чейинки баштапкы төлөм боюнча кыйынчылыктар жаралса, банктар Кыргызстандын жарандарына Кепилдик фонду менен ипотекалык насыя берери такталды.