Кепилдик фонду асыл тукум букаларды көбөйтүүнү каржылоону сунуштоодо

28.11.2021, 09:04 Акчабар
Кепилдик фонду асыл тукум букаларды көбөйтүүнү каржылоону сунуштоодо

“Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров Япониянын IMG Inc консалтингдик фирмасынын консультанты Нобухиса Ивасе менен жолугушту. Анда тараптар экспортко абердин-ангус тукумундагы букаларды өстүрүүнү каржылоо боюнча долбоордун концепциясын талкуулашты. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААКсынын сайтында маалымдалды.

Долбоор Кыргызстандан чөп менен багылган эң жогорку сорттогу экспортко багытталган эко-уй этин алуу үчүн асыл тукум букаларды өстүрүүгө багытталган.

“Кепилдик фонду” мал чарбачылыгы менен алектенген ишкерлерге ангус букаларын алып келүү, асылдандыруу, кайра иштетүү жана андан ары экспорттоо боюнча кредиттик кепилдиктерди берет.

Техникалык жардам JICA (Жапониянын Кыргызстандагы эл аралык кызматташтык агенттиги) тарабынан көрсөтүлөт, ал долбоорду координациялайт жана бизнести пландаштырууга көмөктөшөт.

Тэги: Гарантийный фонд скотоводство JICA

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу