Эми ишкерлер “Кепилдик фонд” ААКнын колдоосу менен 18 банкта, үч микрофинансылык мекемеде жана эки өнүктүрүү фондунан насыя ала алышат. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Өлкөнүн кичи жана орто ишканаларын каржылаган “Кепилдик фонду” ААКнын өнөктөштөрүнүн саны өткөн жылы 23кө өстү.
Былтыркы жылы Кепилдик фонду "Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду" ААК, "ФинансКредитБанк" ААК, "Элет-Капитал МК" ЖАК жана "АБН" МФК ААК менен чакан жана орто бизнеске кепилдик берүү боюнча кызматташуу келишимине кол койгон.
2022-жылдын 31-декабрына карата "Кепилдик фонд" ААКнын ишинин бүткүл мезгилине өнөктөш банктар тарабынан кепилдикке берилген кредиттердин көлөмү 18 миллиард сомдон ашты.
"Кепилдик фонд" ААКнын өнөктөш банктары болуп төмөнкүлөр саналат: