Дүйнөдөгү эң кымбат Instagram-блогерлердин алдында Криштиану Роналду турат

30.12.2019, 10:30 Акчабар
Дүйнөдөгү эң кымбат Instagram-блогерлердин алдында Криштиану Роналду турат

2019-жылдын эң кымбат Instagram-блогерлерин  Daily Mail  басылмасы аныктады.

Биринчи орунда португалдык футболист Криштиану Роналду турат. Журналисттер изилдеп чыккандай, анын инстаграмдагы бир постунун баасы 780 миң фунт стерлинг (1 млн 23 миң $ жакын) болгон. Бир жыл ичинде спортсмен пост аркылуу 47.8 млн $ киреше тапкан. Ал көпчүлүк учурда спорт кийимдерин, парфюм жана косметикалык каражаттарды жарнамалаган.

Экинчи орунда аргентиналык футболист Лионель Месси турат. Анын бир посту 518 миң фунт стерлингке (679 миң $) бааланат. Бир жыл ичинде блогер инстаграм аркылуу 23.3 млн $ иштеп тапкан.

Үчүнчү орунда америкалык супер модель Кендалл Дженнер – Кардашьяндардын үй-бүлөсүнүн бирден-бир мүчөсү турат. Анын бир жылкы кирешеси 15.9 млн $ түзгөн. Анын бир жарнамасынын баасы 489 миң фунт стерлинг (641 миң доллар) болгон.

Тизмедеги 20 орундун ичинен, төртүнчү орунда англиялык футболист Дэвид Бекхем турат, ал эми бешинчи орунду – америкалык ырчы Селена Гомес ээлейт.

 

 

Тэги: Instagram пост блогеры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу