«Газпром Кыргызстан» кыздарды IT-адистигине ээ болушун колдойт

07.06.2019, 18:12 Өнөктөштүк макаласы
«Газпром Кыргызстан» кыздарды IT-адистигине ээ болушун колдойт

2-июнда  Technovation Kyrgyzstan долбоору жыйынтыкталды. Долбоордун алкагында бүт өлкө  боюнча окуучу кыздар программалоо жана социалдык маанидеги тиремелерди түзүүгө  катышты. Ал эми газ ишканасы бул билим берүү долбоорун колдоп чыкты. 

Финалдык таймаштан соң,  1, 2 жана 3 орундун ээлери аныкталып, ал эми эң мыкты иштерди Кыргызстандын атынан дүйнөлүк Technovation  сынакка Силикон аймагына жөнөтүлдү. 

«Дүйнөдө эң кымбат дарыланууга муктаж адамдар көп. Биздин тирекеме дал ушул адамдар үчүн  Life On  түзүлгөн.  Анда дарыланууга муктаж адам  Play Market аркылуу биздин тиркемени жүктөп алып, анкетаны толтуруп, аны дарыланууга  муктаж болгондордун лентасына жайгаштырат», – деп билдирди Technovation Challenge  сынагында жеңүүчү болгон Pengui командасы.

Кыргызстан 2017-жылдан бери дүйнөлүк кыймылга катышып,  10-жаштан 18-жашка чейинки 500  окуучу окуп, 200 менторлордон сабак алышты. Долбоордун алкагында социалдык мааниге ээ долбоорлорду ойлоп чыгышат. 

«Сынактын негизги максаты жаңы технологиялар аркылуу кыздарга көйгөйдүү  чечүүгө үйрөтүү . Бир нече ай ичинде кыздар устаттын  жетегинде иштеп жатышты. Эми аймактык сынактын жеңүүчүлөрү эл аралык Калифорнияга таймашууга жөнөшөт. Ал эми эл аралык сынакта жеңишке жетишкен команда акчалуу сыйлыкка ээ болуп, өз тиркемесин ишке ашырууга колдоо алышат. Биз дагы аймактык деңгээлде 1, 2 жана 3- орундарды аныктайбыз» , – деп билдирди уюштуруучулардын бири Алтынай Нуркамилова.

Technovation Kyrgyzstan  технологиялык программасы  Кыргызстанда үчүнчү жыл  иштеп жатат. 2019-жылы республикалык масштабга чыкты. 

«Жогорудагыдай долбоордун Кыргызстанда колдонулуп жатканы эң жакшы. Биз билим берүүдөгү бул долбоорго катышканыбызга кубанычтабыз. Профессионалдык деңгээлдеги окуутулар өлкөнүн баардык аймагында ыктыярчылар тарабынан өткөрүлгөнү жакшы жаңылык болду. Бул долбоорго   900 мектеп окуучу кыздары катышып, алар программалалоо  аркылуу социалдык долбоорлорду ойлоп табышты. Айрым долбоорлор таң калтырат. Билим берүү тармагына дайыма артыкчылык берилет. Газ тармагы бул долбоорду колдодук», –деп билдирди  «Газпром Кыргызстан»  ишканасынын ММК жана коомчулук менен иштөө кызматынын башчысы Асель Абыкеева.

Финалдык таймашка сегиз командадан  30 кыз катышып,  акыл сынашты. Ал эми байгелүү орундар төмөндөгүдөй  жайгашты:

  • 1-орун – Pengui командасы, оор абалдагы оорукчандар үчүн мобилдик тиркемеси үчүн;
  • 2-орун Akasman Geocol командасы, балдарга кайрымдуулук кылуу тиркемеси үчүн;
  • 3-орун Green Shift Girls  командасы – Eco world,мамлекеттеги экологиялык абалды жактыртуу үчүн тиркеме. 

Ар бир катышуучу сертификат жана баалуу сыйлыктарга өнөктөштөр аркылуу ээ болушту: Attractor Software, It Academy,  Ololo house коворкинг-борбору , Zensoft компаниясы, Beeline уюлдук оператору, Аскар Салымбеков фонду, «Бай Түшүм» банкы,  I DO MARKETING рекламалык агентиги жана  өлкөнүн газ ишканасы. 

Тэги: Газпром Кыргызстан IT

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу