Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ОсОО «Газпром Кыргызстан» жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИ менен «Кыргызтеплоэнерго» филиалына жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
Белгиленгендей, буга чейин «Кыргызжылуулукэнерго» тарабынан жылуулук менен камсыздоо маселеси келип чыккан.
«Газ берүүчү казандар «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын «Газпром Кыргызстанга» болгон карызынан улам, газ берүүдөн баш тарткан жана буу казандар иштей алган эмес», — деп жазылат маалыматта.