«Газпромбанк» Кыргызстанга мамлекеттик контракттарды банктык колдоону киргизүүгө жардам берет

23.11.2021, 09:07 Акчабар
«Газпромбанк» Кыргызстанга мамлекеттик контракттарды банктык колдоону киргизүүгө жардам берет

Кыргызстан менен "Газпромбанк" мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда контракттарды банктык колдоону киргизүү максатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз тараптан документке каржы министри Алмаз Бакетаев, "Газпромбанк" тарабынан - аткаруучу вице-президент, контракттарды банктык колдоо бөлүмүнүн башчысы Олег Мельников кол койду.

Кол коюу республиканын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясынын Москвага болгон жумушчу сапарынын алкагында болду.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аны өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында "Газпромбанктын" контракттарды трансчек аралык банктык колдоо жаатындагы тажрыйбасын жана технологияларын Кыргызстанда колдонуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле банктык колдоо кызматтарын илгерилетүү боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилери, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдери, Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына кыргызстандык эмгек мигранттарынын төлөмдөрүн төлөө тутумун өркүндөтүү маселелери козголду", - деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

 

 

Тэги: Газпромбанк Кыргызстан госзакупки банковское сопровождение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу