«Азия банкынын» гендердик облигациялары КФБнын листингине кирди

15.11.2022, 14:57 Акчабар
«Азия банкынын» гендердик облигациялары КФБнын листингине кирди

“Азия Банкынын” гендердик (социалдык) облигациялары листингден өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Тиешелүү чечимди кечээ, 14-ноябрда Кыргыз фондулук биржасынын Листингдик комитети чыгарды. 

“Азия Банкынын” социалдык облигациялары “В” категориясындагы листингге эң жогоркулардын жанына киргизилген”, - деп айтылат маалыматта. 

Кошумчалай кетсек, банктын гендердик облигацияларынын эмиссиясынын көлөмү бир баалуу кагаздын номиналы 1000 сом болгондо 82 миллион сомду түзөт. Облигациялар документсиз түрдө чыгарылат. Бул төлөө мөөнөтү кыскартылган жана мөөнөтүнөн мурда сатып алуу укугу менен камсыздалбаган облигациялар. Баалуу кагаздардын төлөө мөөнөтү 36 ай, ал эми кирешелүүлүгү жылына 12%ды түзөт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу