«Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн куруу талкууланды

19.04.2019, 14:04 Акчабар
«Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн куруу талкууланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «SINO-Pipeline International Company Limited» башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Борбор Азия-Кытай» магистралдык газ түтүгүнүн составдык бөлүгү катары саналган «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбооруна тийиштүү маселелер талкууланды.

Кыргызстандан өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 км түзөт, долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт.

Кыргызстандын аймагы боюнча газ түтүгүнүн маршруту Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Мэн Фанчунь Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге долбоордун ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, айыл чарба жана токой чарба өндүрүш жерлерин пайдалануудан жана андан келип түшкөн пайданы жабуу үчүн компенсацияларды төлөп берүү менен газ түтүгү кеткен трассанын боюндагы жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо процесстеринин жыйынтыкталып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар кыл тармактагы өз-ара пайдалуу кызматташтыктын динамикалык өнүгүүсүн жана бардык деңгээлдеги кыргыз-кытай саясий диалогунун жогорку деңгээлин канагаттануу менен белгиледи. Премьер-министр биргелешкен маанилүү жана өз-ара пайдалуу жогорудагыдай долбоорлорду келечекте биргелешип ишке ашыруу жолу аркылуу инвестициялык өз-ара аракеттешүүнүн тереңдетилишинин жана эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрү ортосундагы кызматташтыктын кеңейтилишинин  өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ жана биргелешкен күч-аракетте анын ишке ашырылышы өз мөөнөтүндө жана бардык экологиялык жана техникалык ченемдердин жана эл аралык стандарттардын так сакталышы менен сапаттуу камсыздалаарына ишеним билдирди.

Тэги: Китай Кыргызстан газопровод экономика SINO-Pipeline ICL

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу