"Улуттук электр тармактары"​ ишканасына жаңы директор дайындалды

01.09.2021, 12:30 Акчабар
"Улуттук электр тармактары"​ ишканасына жаңы директор дайындалды

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары"​ ААКнын директору болуп Жолдошбек Ачикеев дайындалды. Ал бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин бул кызматты Эмил Куданалиев аркалап келген.

Ачикеев эмгек жолун "КыргызЭнергодон" баштаган, "Чыгышэлектро" ААКсында, "Улуттук электр тармактары" ААКсынын Ысык-Көлдөгү филиалында иштеген.

2015-2019-жылдары "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасында техникалык директор, эксплуатациялоо жана оңдоо департаментинин директору болуп иштеген. 2019-2020-жылдары Улуттук энергохолдингде электр энергиясын өндүрүү жана берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2020-жылы "Электр тармактары" ААКнын башкы директору, 2021-жылдын февралынан тарта Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Тэги: НЭСК Жолдошбек Ачикеев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу