Башкы прокуратура бизнес үчүн тиркеме иштеп чыкты

27.12.2022, 11:07 Акчабар
Башкы прокуратура бизнес үчүн тиркеме иштеп чыкты

Башкы прокуратурада президенттин “Укук коргоо органдары жана салык кызматы тарабынан ишкердик субъекттерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгын талкуулоого арналган ведомстволор аралык семинар өттү. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Мындан тышкары, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси көрсөтүлдү.

Автоматташтырылган маалыматтык система жана тиркеме укук коргоо органдарынын ишкердик иш-аракетине негизсиз кийлигишүүсүн жоюуга, алардын укуктук коргоосун күчөтүүгө, жагымдуу бизнес жана инвестициялык чөйрөнү түзүүгө, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөр учурунда коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүштөрүнө каршы турууга жана мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик тартипти чыңдоого багытталганы белгиленди.

“Мындан ары ишкерлер мобилдик тиркеме аркылуу аларга карата кандай текшерүүлөр жүргүзүлөрүн биле алышат, ошондой эле мыйзамсыз текшерүүлөр болгон учурда фото жана видеоматериалдарды түздөн-түз прокуратурага жөнөтө алышат”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

“Акчабар” редакциясына мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, тиркемени 2023-жылдын 1-январынан тарта жүктөп алууга болот.

Тэги: экономика защита бизнеса новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу