Германия Кыргызстанга грант түрүндө 41.8 млн евро берет

26.06.2020, 09:55 Акчабар
Германия Кыргызстанга грант түрүндө 41.8 млн евро берет

25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана эки өлкө ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Айтылган келишимдердин долбоорлору боюнча ГФР Өкмөтү эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташуу үчүн Кыргызстанга 41,8 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенди. Бул суммадан 21,8 млн. евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:

1. «Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү» (4 млн. евро);

2.«Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» (6 млн. евро);

3. «Кесиптик окууга көмөк көрсөтүү» (5 млн. евро);

4.«Биологиялык ар түрдүүлүк» жана жаңгакты жана жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу (2,9 млн .евро);

5.«Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү» (2,5 млн. евро);

6. «Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү» (1,4 млн. евро).

20 млн. евро финансылык каржылоо алкагында төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет:

1.«Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы» (9 млн. евро);

2.«Нарк жаратуу тизмеги" финансылык секторунун программасы» - коштоочу чаралар» (1 млн. евро);

3.«Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор» (10 млн. евро).

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

 

Тэги: Германия законопроект Кыргызстан грант финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу