Германия COVAX аркылуу Кыргызстанга 110 миң доза вакцина бөлөт

20.08.2021, 18:08 Акчабар
Германия COVAX аркылуу Кыргызстанга 110 миң доза вакцина бөлөт

Германия эки тараптуу кызматташтыктын алкагында COVAX механизми аркылуу Кыргызстанга 110 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуу бүгүн Германия элчисине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу аземине байланыштуу өттү. Министр Руслан Казакбаев Габриэла Геллилди дайындалышы менен куттуктап, бул жооптуу кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары, алдыдагы эки тараптуу иш-чараларга байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүгө, анын ичинде жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.

 

 

Тэги: вакцина Германия Кыргызстан COVAX

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу