Кепилдик фонду пандемия учурунда бизнести колдоо үчүн 655 млн сом берди

02.08.2021, 12:30 Акчабар
Кепилдик фонду пандемия учурунда бизнести колдоо үчүн 655 млн сом берди

"Чакан жана орто бизнестин COVID-19 кесепеттерин жоюу үчүн каржылоого жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу" программасынын алкагында Кепилдик фонду 602 кепилдик берди, деп жазылды фонддун сайтында.

Белгиленгендей, программа жеңилдетилген каржылоого жетүү менен чакан жана орто бизнести колдоо үчүн түзүлгөн.

Алты ай ичинде "Кепилдик фонду" жалпысынан 655 миллион сомго кепилдиктерди бекитти.

Отчеттук мезгилде өнөктөш банктар тарабынан бекитилген насыялардын көлөмү 955 млн сомду түзгөн. Анын ичинен "Кепилдик фондунун" кепилдиги менен жеңилдетилген насыялоо 646 миллион сом болгон.

 

Тэги: экономика борьба с коронавирусом Гарантийный фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу