Сауд Арабиясынан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралууда

30.11.2021, 13:08 Акчабар
Сауд Арабиясынан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралууда

Мамлекеттик ипотекалык компания курулушка ар кайсы өлкөлөрдөн инвестиция тартууда. Учурда Сауд Аравиясынан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Ошентип, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөнова Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради менен жолугушту.

Жолугушууда Аида Төлөнова элчиге "Менин үйүм 2021 - 2026" мамлекеттик турак-жай программасын ишке ашыруу долбоору тууралуу айтып берди. Элчи Сауд Аравиясынан инвестициялык каражаттарды тартууда Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанда турак-жай куруу программаларын ишке ашырууда Сауд Аравиянын каражаттарын жана каржы уюмдарын тартуу багытындагы ишти мындан ары өнүктүрүүнү сунуштады.

Тэги: ГИК КР жилищный фонд Саудовская Аравия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу