Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак-жай программасын ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу максатында донор уюмдар менен жолугушууну улантууда.
6-декабрда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын башкармасы Түркия Республикасынын премьер-министринин аппаратынын алдындагы Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттигинин (ТИКА) өкүлү менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө төрайым Аида Төлөгөнова ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Осман Устага мамлекеттик компаниянын ишмердүүлүгү жана турак-жай программасынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде Осман Уста Түркиянын Мамлекеттик турак-жай курулуш департаменти менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди деп маалымдады ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы.