Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 25 жылга 100 млн доллар насыя алат

14.06.2023, 15:27 Акчабар
Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 25 жылга 100 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Менин үйүм 2021-2026” программасы боюнча 100 млн. доллар өлчөмүндө насыя алат. “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда жактырылды.  

“Фонд насыялык каражатты 25 жылга 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен жылдык 1,5% менен берет. Төлөм жылына эки жолу төлөнөт”, - деп түшүндүрдү Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов.

Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттары Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 174 миң 545 чарчы метр турак жайдын курулушун каржылоого каралган. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, аз жана орто кирешелүү 3 миңге жакын үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот. Турак жайларды кура турган подряддык компания “КыргызСтройСервис”. Экономика министринин орун басары депутат Дастан Бекешевге кичи райондо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттар түзүлө турганын убадалады. 

МИКтин маалыматы боюнча, курулуп жаткан микрорайондо СӨФ тарабынан каржылана турган турак жайдын чарчы метри 550 доллардан ашпайт. 

 

 

 

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана ГИК СФР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу