МИК биржада акцияларды дээрлик 1,5 млрд сомго сатты

21.10.2022, 17:04 Акчабар
МИК биржада акцияларды дээрлик 1,5 млрд сомго сатты

Бүгүн Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын жөнөкөй акциялары менен ири бүтүм катталды.

Келишим фондулук биржанын биринчи рыногунда түзүлдү. Жалпысынан 14 миң 753 жөнөкөй акция бир нускасы 100 миң сомдон сатылган. Ошентип, бүтүмдүн жалпы суммасы 1 миллиард 475,3 миллион сомду түздү.

"Кыргыз фондулук биржасында баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражат Мамлекеттик ипотекалык компанияны капиталдаштырууга багытталат", - деп билдиришти "Акчабарга" МИКтен.

Тэги: новости Кыргызстана ГИК Кыргызская фондовая биржа госкомпания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу