Мамлекеттик ипотекалык компания пайыздык ченин азайтты

03.12.2019, 16:30 Акчабар
Мамлекеттик ипотекалык компания пайыздык ченин азайтты

КР Өкмөтүнүн  № 17-120 18/10/2019 тапшырмасынын  негизинде жана Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын  Башкармасынын  № 54 чечими  менен 2019-жылдын  1-ноябрдан баштап, жаңыдан берилип жаткан насыялардын пайыздык чендери төмөндөйт:

- Эгерде зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 10-20 %  баштапкы төгүм камсыздаса -  8 % жылдык пайыздык чен;

-  Эгерде зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 %  баштапкы төгүм камсыздаса- 7 % жылдык пайыздык чен;

- Эгерде зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 %  баштапкы төгүм камсыздаса - 6 %  жылдык пайыздык чен;

Жеке турак жай куруу үчүн :

- Курулуш мезгилинде жылдык-10% жылдык пайыздык чен.

- Турак жай курулушу аяктагандан кийин -6% жылдык пайыздык чен.

Жеке турак  жай механизми боюнча 1 ноябрга чейин бекитилген насыялар үчүн кийинки транштарды пайдалануу үчүн  11 % жылдык пайыздык  чен. 2019-жылдын 01-ноябрынан баштап турак жайды куруу иштерин аяктап жана пайдаланууга берүүдөн кийин инвестициялык акчалай каражаттарды пайдалануу үчүн пайыздык чен жылдык 6 % пайыз эсебинде белгиленет.

 

Тэги: ГИК доступное жилье льготная ипотека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу