Мамлекеттик ипотекалык компания Ош жана Бишкек шаарынын бюджеттик кызматкерлери үчүн жеңилдетүү насыянын тизмегин жаңылады. Жеңилдетилген шарттагы ипотеканын үстөмдүк пайызы жылына 14% түзөт. Бул тууралуу МИК басма сөз кызматы билдирет.
Орундун саны чектелүү, ошон үчүн компания каалоочуларды документтерин тез арада чогултуу керек экендигин билдирет. «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасына арыз мэрияда жана шаарлардын райондук админстрациясында кабыл алынат.
Керектүү документтерди төмөнкү шилтеме аркылуу билсе болот.