Мамлекеттик ипотекакалык компания 4 жылга 5 млрд. 96 млн. сомго 4.3 миң ипотекалык насыя берди. Анын ичинен 2.4 млрд. (1.6 миң насыя) Бишкек шаарына бөлүндү. Бул тууралуу МИК маалымдайт.
Андан сырткары, облустарга:
• Ош облусуна — 600 насыя (260 млн сом);
• Жалал-Абад облусуна — 568 (354 млн. сом );
• Ош шаарына — 530 (580 млн. сом);
• Чүй облусуна — 397 (357 млн. сом);
• Ысык-Көл облусуна — 334 (244 млн. сом);
• Нарын облусуна — 182 (143 млн. сом);
• Талас облусуна — 86 (49 млн. сом);
• Баткен облусуна — 70 (64 млн. сом).
Ипотеканын басымдуу бөлүгүн бюджеттик тармактагы кызматкерлерге, т.а. 1.6 миң кишиге берилген. Билим тармагындагы кызматкерлерге – 1.3 насыя бөлүнсө, саламаттык сактоого – 624 насыя берилген.