Мамлекеттик ипотекалык компания 15 млн сомго батирлерди аукционго коёт

23.09.2022, 10:23 Акчабар
Мамлекеттик ипотекалык компания 15 млн сомго батирлерди аукционго коёт

Мамлекеттик ипотекалык компания кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча ачык аукциондорду жарыялайт. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

Аукционго жалпысынан эки лот коюлат:

  • Ахунбаев көчөсүндөгү батир, 190/2 үй, №55 батир, жалпы аянты 112,2 чарчы метр, анын 76 чарчы метри турак жай (баштапкы баасы 7,9 млн сом)
  • Байтик Баатыр көчөсүндөгү батир, 7 “б” корпусу, №59 батир, жалпы аянты 93,7 чарчы метр, анын 60,5 чарчы метри турак жай (баштапкы баасы 7,04 млн сом)

Аукционго катышуу үчүн 5 миң сом кепилдик төлөмдү төлөө жана аукцион башталганга чейин катышуучу тандаган лот боюнча 2022-жылдын 21-октябрына чейин арыз берүү керек.

Ар бир лот боюнча кепилдик төлөм өзүнчө жүргүзүлөрү белгиленген.

Соода 2022-жылдын 24-октябрында саат 15:00дө Токтогул көчөсү, 228 дарегинде өтөт.

Тэги: экономика аукцион квартир ГИК ГИК КР новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу