Автомобиль катализаторлорун Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 18-июлунда, Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз экспорттоо аракети учурунда, жалпысынан 1 тоннадан ашык салмактагы автомобиль катализаторлору бар жүк эл аралык "Манас" аэропортунан кармалган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети буга чейин да автомобиль катализаторлорун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуу, ошондой эле аларды Европа өлкөлөрүнө экспорттоо боюнча түзүлгөн схеманы аныктаган. Алсак:
Учурда ыйгарым укуктуу органдар автомобиль катализаторлорун экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселесин карап жатышат.