УКМК Кыргыз-орус славян университетиндеги коррупцияны аныктады

10.11.2022, 11:27 Акчабар
УКМК Кыргыз-орус славян университетиндеги коррупцияны аныктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Билим берүү жана илим министрлигинде Б.Н. Ельцин Кыргыз-орус славян университетине абитуриенттерди кабыл алуудагы коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

Министрликтин жана аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлери бир нече жылдан бери Кыргызстандагы абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун учурдагы эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларга мыйзамсыз студенттерди кабыл алууну уюштуруп келген. 

Кыргызстан менен Орусия ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын  орус жарандарынын ичинен 50 студент Кыргыз-орус славян университетинин гранттык орундарына кабыл алынат. Алардын чыгымы Кыргызстандын бюджетинин эсебинен төлөнөт.
Бирок министрликтин жана окуу жайдын жооптуу кызматкерлери жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган кыргыз жарандарынан акча алып, өткөрүшкөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган окуу жайдын Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Г.М. жана Кыргыз-орус славян университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Л.Т.М кармалды. 

 

Тэги: КРСУ коррупция ГКНБ КР Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу