УКМК «Айыл Банктагы» коррупция боюнча иликтөө иштерин баштады

29.11.2021, 12:17 Акчабар
УКМК «Айыл Банктагы» коррупция боюнча иликтөө иштерин баштады

Президент Садыр Жапаровдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган тапшырмаcына ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 100% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон "Айыл Банк" ААКсынын ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Аудиттин жыйынтыгында "Айыл Банк" ААК тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу боюнча ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары боюнча маалыматтар тастыкталды.

"Мындан тышкары, бул кредиттер чындыгында банкка төлөмдөр боюнча чоң карызга ээ экендиги, эң негизгиси алар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталганы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө. Мамлекеттик комитет түшүндүрдү.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин "Коррупция" бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында тергөө жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл тергөө аракеттерин жүргүзөт.

"Аталган сотко чейинки териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен "Айыл Банктын" жана башка жактардын жооптуу адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет", - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

Тэги: Айыл Банк коррупция ГКНБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу