"Бакай Банктын" ААК башкармалыгынын төрагасы Сергей Ибрагимов компаниядагы үлүшүн азайтты. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Алсак, эгерде ал мурда 49,9376% акцияга ээ болсо, өзгөртүүдөн кийин үлүш 42,0847% болду.
Өзгөртүүлөр 25-декабрдан тарта күчүнө киргенин кошумчалайбыз.