МСК башчысы аймактык салык органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды

03.12.2019, 14:55 Акчабар
МСК башчысы аймактык салык органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы посттордон келип түшкөн маалыматты сапаттуу контролго албагандыгы жана кыйыр салыктардын бюджетке келип түшүүсүн камсыз кылуу боюнча иштин начар уюштурулуп жаткандыгы үчүн бир катар аймактык салык органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды.

«Бардык жашыруулар эртеби-кечпи айкын болот. Таза иштебегендер билинбей калып калат деп ойлобошсун. Ошондуктан, принцип менен таза иштеңиздер. Биз мындан ары да коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүп, ак ниетсиз иштеген кызматкерлерден арылабыз», – деди МСКнын башчысы.

Салыктардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн жол берилгистигин белгилеп, К.Абдалиев бул ведомствонун бардык кызматкерлерине, жетекчилик курамдан баштап катардагы кызматкерлерге чейин тиешелүү экендигин билдирди.

К.Абдалиев белгилегендей, ишкердик максатта товар ташып келген ар бир импорттоочу өлкөнүн бюджетине тийиштүү салыктарды төлөөгө тийиш. Кол тийбестер болбош керек.

Жыйынтыгында Салык кызматынын жетекчиси салык төлөөдөн качкан ак ниетсиз импорттоочуларды аныктоо жана салыктардын зарыл болгон суммасын өндүрүп алуу боюнча системалык иштерди уюштурууга басым коюу менен бир катар тапшырмаларды берди.

 

Тэги: ГНС налоговое администрирование ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу