Кыргызстанда быйыл 87 объекттин курулушун бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, анын 60ы курулуп жатат: 6 миң 542 орундуу 29 мектеп, 12 спорт зал жана учурдагы окуу корпустары, 895 орундуу 9 бала бакча, 25 орундуу 1 саламаттык сактоо мекемеси, 500 орундуу 2 маданият үйү, 6 спорт комплекси жана айылдарда спорт залдары жана 1 административдик имарат.
Ошондой эле 13 объектиде: 10 мектеп, 1 бала бакча, 1 ҮМБ жана 1 Маданият үйүндө капиталдык оңдоо иштерин бүтүрүү пландалууда.
“Ошондой эле 14 суу менен камсыздоо объектисинин курулушун жана реабилитациясын аяктоо пландалууда”, - деди Жетыбаев.