Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Марипов селден жабыркаган аймактарды кыдырат, Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы ошондой эле, бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышат.