Дүйнөлүк банктын өкүлү менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу талкууланды

02.02.2023, 09:18 Акчабар
Дүйнөлүк банктын өкүлү менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, жашыл энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн Суу стратегиясын кабыл алуу жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы боюнча маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкө үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, ошондой эле жашыл энергетика тармагындагы долбоорлордун артыкчылыктуу экендигин белгиледи. Ал ошондой эле Суу стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына чет мамлекеттерге бөтөлкөдөгү ичүүчү сууну экспорттоо боюнча эл аралык каржы институттары тарабынан колдоо көрсөтүү чараларын киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар менен жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржылоону тартуунун мүмкүн болгон механизмдери тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ири долбоорлорду ишке ашыруу иретинде өлкөнүн энергетика тармагына инвесторлорду тартуу үчүн Суу форумун жана Инвестициялык форумду өткөрүү маселелерин да талкуулашты.

 

Тэги: новости Кыргызстана новости экономики экономика Камбар-Ата-1 зеленые проекты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу