Министрлер кабинетинин башчысы өлкөдөгү ГЭСтерге барды

20.12.2022, 15:23 Акчабар
Министрлер кабинетинин башчысы өлкөдөгү ГЭСтерге барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аймактарга жумушчу сапарынын жүрүшүндө Токтогул гидроэлектр станциясынын жалпы абалы жана иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров Каракөл ГЭСинин курулуш долбоору менен да таанышты, анын наркы болжолдуу түрдө 25 млн АКШ долларын түзөт.

"Гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 18 МВт түзөт. Бул объектинин курулушу жана ишке киргизилиши жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө салым кошуп, өлкө жарандарын жана ишканаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт. Өз кезегинде мамлекет ГЭСтерди курууга инвестиция салган инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт", - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы. 

Ошондой эле Акылбек Жапаров Талас облусунун Манас районунда жайгашкан "Бала-Саруу" ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышты.

Белгилеп кетсек, "Бала-Саруу" ГЭСин куруу долбоорунда жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саат саналган объектти куруу каралган. Мында Киров суу сактагычынын плотинасынын механикалык жабдуулары модернизацияланат жана сугат муктаждыктарын суу менен камсыз кылуунун бардык процесстери автоматташтырылат

Буга чейин Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы чечими менен "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна аталган гидроэнергетикалык объектини куруу укугу берилип, 2,0 млрд сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн.

Тэги: экономика глава кабмина Токтогул ГЭС новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу