Министрлер табинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

07.06.2023, 20:49 Акчабар
Министрлер табинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Жыйындын күн тартибинде эркин сооданы мындан ары өнүктүрүү, ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу, интеграцияланган маалыматтык система жана санариптик күн тартиби, Биримдиктин электрондук рыногу сыяктуу 10 тармактын маселелери каралды.

Өкмөт башчылар ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында кызматташуу боюнча Биринчи чаралар пакетинин (“Жол картасы”) аткарылышы боюнча отчетту угушту.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын демилгесин кароонун жыйынтыгында Евразия экономикалык комиссиясына мүчө-мамлекеттер менен биргеликте Евразиялык рейтингдик агенттикти түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындай уюмду түзүү Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн каржылык көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатат, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жардам берет, ошондой эле Биримдиктин ички рыногундагы бир катар сезимтал тоскоолдуктарды жок кылат.

Мындан тышкары, тараптар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында мурда кабыл алынган тапшырмаларды жана макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өткөрүү макулдашылды.

Тэги: новости Кыргызстана Акылбек Жапаров евразийский межправсовет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу