Долбоорлорду ишке ашырууда аларды сапаттуу даярдоо маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеште Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
«Тигил же бул долбоорлорду иштеп чыгууда жооптуу адамдар тарабынан комплекстүү мамиле жок. Бир нече жылда аягына чыга турган долбоорлор 5 жылдан ашык убакытка созулуп жатат. Долбоордук-сметалык документация даяр эмес, а бирок ратификациянын маанилүүлүгү каралып жаткан учурлар кездешет. Бардыгын эрежеси менен жасаган учурлар бар. Бирок кийин 2-3 жыл мурда бүткөн объекттер өз убагында сапатсыз аткарылган иштин айынан кайра каражат салууну талап кылып жатканы анык болот», - деп белгиледи Премьер-министр.
Муну менен бирге Өкмөт башчы бир нече объектти текшерет, анын сапаты боюнча тиешелүү ведомствонун кызматкерлеринин ишине баа берилип, ээлеген кызматына ылайык келери каралат.
трлн долларов США
Объем торгов на фондовых биржах ЕАЭС