Улуттук банктын жетекчиси банкирлер менен банк системасынын туруктуулугун талкуулады

07.01.2022, 15:38 Акчабар
Улуттук банктын жетекчиси банкирлер менен банк системасынын туруктуулугун талкуулады

Бүгүн, 7-январда Улуттук банктын жетекчилиги менен коммерциялык банктардын, “Кыргызстан банктарынын союзу” юридикалык жактар бирикмесинин, “Банктар аралык процессинг борбору” жабык акционердик коомунун жана өлөнүн Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчилери ортосунда жолугушуу болуп өттү. 

Жолугушууда өлкөнүн банк системасындагы учурдагы абал, ошондой эле Казакстандагы саясий кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу жана төмөндөтүү маселелери, банк секторунун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн сактоо чаралары талкууланды. 

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын банк системасы бекем жана туруктуу экенин белгилеп, банктардын кардарлары, аманатчылары жана башка кредиторлору үчүн кооптонууга эч кандай негиз жок экенин билдиришти. 

“Улуттук банктын жетекчилиги тарабынан коммерциялык банктарга «24/7» режиминде банктардын аралыктан тейлөө системасы аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылууга көрсөтмө берилип, аралыкта орнотулган жабдуулардын: банкоматтардын жана терминалдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы белгиленди”,- деп айтылат билдирүүдө. 

Ошондой эле жолугушууда Улуттук банктын учурдагы жагдайга туруктуу байкоо жүргүзүп, көзөмөлгө алып жаткандыгы, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансы жана төлөм системасынын туруктуу жана коопсуз иштешин андан ары камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөрү белгиленди. 

 

Тэги: банкиры Кыргызстан глава НБ КР банковский сектор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу