Улуттук банктын төрагасы Англия банкынын башчысы менен жолугушту

06.03.2024, 15:48 Акчабар
Улуттук банктын төрагасы Англия банкынын башчысы менен жолугушту

Улуттук банк жана мамлекеттик коммерциялык банктардын делегациясынын Лондонго (Улуу Британия) жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Англия банкынын жетекчиси Эндрю Бейлинин жолугушуусу өттү.

Алар Улуу Британияда жана Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын маселелерин талкуулашты. Талкууда инфляциянын пайда болгон факторлоруна жана жөнгө салуучу органдардын акча-кредит саясатынын келечектеги багыттарына карата күтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарында техникалык кызматташуу маселелери боюнча мындан аркы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты.

Иш сапардын алкагында Улуттук банктын делегациясы Англия банкынын эксперттери менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар банк ишин жөнгө салуу, төлөм системаларын жана борбордук банктардын санариптик валюталарын өнүктүрүү, ошондой эле акча чечимдерди кабыл алуу үчүн аналитикалык куралдарды колдонуу маселелерин талкуулады.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Нацбанк Нацбанк КР банк Англии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу