«Айыл Банктын» башкармалыгында өзгөрүүлөр болду

26.08.2022, 10:21 Акчабар
«Айыл Банктын» башкармалыгында өзгөрүүлөр болду

“Айыл Банк” ААКнын директорлор кеңеши 25-августтагы токтомго ылайык, башкармалыктын төрагасы Улан Букабаевдин, анын орун басарлары Акылбек Байысовдун жана Уланбек Ногаевдин ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арыздарын карап, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

“Айыл Банк” ААКнын директорлор кеңешинин 2022-жылдын 25-августундагы токтомунун негизинде “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп Максат Эржанов, анын орун басарлары болуп Эрмек Бакасов, Нурдин Мусуралиев жана Эркин Тазабеков шайланышты.

Маалымат үчүн: “Айыл Банк” ААК 100% мамлекеттик жана негизги коммерциялык банк болуп саналат, агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө жана өлкөнүн бардык аймактарында кардарларды тейлөөгө багытталган – айыл чарбасы үчүн кредит портфелинин үлүшү экономика тармактары 56,9% түзөт.

Тэги: Айыл Банк Улан Букабаев Акылбек Байысов Уланбек Ногойбаев Максат Эржанов Эрмек Бакасов Нурдин Мусуралиев Эркин Тазабеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу