Салык кызматы акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялайт

24.09.2020, 11:45 Акчабар
Салык кызматы акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялайт

Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргызстанга жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялайт.Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

 

Маалыматка ылайык, конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2020-жылдын 15-октябрында саат 15.00гө чейин мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, № 73 каб., тел.: (0312) 61-46-57; 61-18-12 аркылуу алууга болот.

 

«Конкурстук комиссиянын негизги милдеттери болуп конкурстун катышуучуларына карата техникалык жана квалификациялык талаптар менен конкурстук документтерди иштеп чыгуу, катышуучу компанияларды кеңири тартуу, акциздик маркаларды компоненттүү жана ишенимдүү өнөктөш-даярдоочуну тандоо үчүн конкурстук тапшырмаларды объективдүү жана ачык-айкын баалоо саналат», - деп жазылат маалыматта. 

 

Эскерте кетсек, алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоого жана Кыргызстанга жана анын чегинен сыртка жеткирүүгө литвалык «Garsu pasaulis» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февралында бүтөт.

 

 

Тэги: акцизные марки ГНС госзакупки конкурс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу