Салык кызматы 3 миң кутудан ашык жасалма тамекилерди кармады

19.12.2022, 16:58 Акчабар
Салык кызматы 3 миң кутудан ашык жасалма тамекилерди кармады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек жана Токмок шаарларында рейд учурунда жасалма тамеки сатуучу жайларды аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чаранын жыйынтыгында ар кандай аталыштагы чет элдик өндүрүштүн акциздик маркасы жок 3 миң кутудан ашык тамеки табылган. 

Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт.

Жалпысынан 11 ай ичинде Мамлекеттик салык кызматы 228 миң 312 куту мыйзамсыз тамекини жүгүртүүдөн чыгарган.

Кошумчалай кетсек, акциздик маркалары жок тамеки буюмдарын өндүрүү, ташып келүү жана сатуу, ошондой эле акциздик маркаларды жасалмалоо боюнча жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Ошол эле учурда, ири өлчөмдө жасалган мыйзам бузууларга 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салынат же, беш жылга чейин эркинен ажыратылат. 
 
 
 
 
 
 
 

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана контрафакт акцизные марки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу