Мамлекеттик салык кызматы январь-август айларында 31 миллиард 952,9 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленген план 712,9 млн сомго, же 2,3%га ашык аткарылганы көрсөтүлгөн.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 7 млрд 221,9 млн сомго көп чогултулду (өсүү темпи 129,2%).
Эске салсак, 2022-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы 99 миллиард 961,4 миллион сом салык жана бюджетке төлөмдөрдү чогулткан.