Салык кызматы мүлккө маалымат эсебин берүүнүн мөөнөттөрү тууралуу эскертти

17.03.2023, 16:30 Акчабар
Салык кызматы мүлккө маалымат эсебин берүүнүн мөөнөттөрү тууралуу эскертти

Мамлекеттик салык кызматы мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруу жана салык органына тапшыруу зарылдыгын эскертет.

1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар мүлк (транспорт, турак же турак эмес жай, жер) салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш.

Маалыматтык эсепти эки жол менен тапшырууга болот: Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу электрондук түрдө же салык органына баруу менен кагаз түрүндө, ошондой эле тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Тэги: ГНС налоговая служба новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу