Мамлекеттик салык кызматы январь айында 17,8 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, салык 2022-жылдагы январь айына салыштырмалуу 4,2 миллиард сомго көп чогултулган.
Ошондой эле, 13 млрд 204,7 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. План 193,8 миллион сомго ашык аткарылды. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 2,9 млрд сомго көп.
Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 4 миллиард 649,5 миллион сомду түздү. План 689,5 миллион сомго ашыкча түштү, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1,3 миллиард сомго көп.