Салык кызматы салык чогултуу планын 3,7 млрд сомго ашыра аткарды

10.01.2023, 12:00 Акчабар
Салык кызматы салык чогултуу планын 3,7 млрд сомго ашыра аткарды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 207 миллиард 901,6 миллион сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуп, белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашыкча салык жыйнаган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Чогултулган сумма 2021-жылга салыштырмалуу 63,8 миллиард сомго көп. 

“Анын ичинде 156 млрд 338,3 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. План 729,4 миллион сомго ашык аткарылган. Ошондой эле, 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулду (өсүү темпи 147,9%)”, - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.

Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 51 млрд 563,3 млн сомду түздү же 3 млрд 18,3 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 13 миллиард 184,7 миллион сомго көп.

 

Тэги: новости Кыргызстана ГНС налоги и страховые взносы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу