Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын он айында бюджетке 31 млрд 146,3 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн төктү, бул белгиленген пландан 686,3 млн сомго же 2,3%га көп.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 18,6%га жыйналды.
"Октябрь айында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 3 млрд 221,6 млн сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 15,4%га көп чогултулду”, - деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.
Салык кызматы камсыздандыруу полистерин чогултуу планын ашыкча аткарды. Алсак, 2021-жылдын январынан октябрына чейинки мезгилде алдын ала маалыматтар боюнча 729,3 млн сом чогултулган же пландан 24,2%га көп. Ал эми өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 63,8%ды түздү.