Мамлекеттик салык кызматы январь-май айларында 18 миллиард 641,6 миллионсом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, белгиленген план 2,8%га, же 501,6 млн сомго ашыкча аткарылган.
“2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 3 млрд 473,7 млн сомго көп чогултулду (өсүү темпи 122,9%)”, - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.