Мамлекеттик салык кызматы орнотулган квитанция принтери менен контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин баасы 59 миллион сомду түзөт.
Бул суммага Салык кызматы 4 миң аппарат сатып алууну пландоодо. “Акчабардын” эсеби боюнча, ар бир кассалык машинага бюджеттен 14 миң 750 сом сарпталат.